ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ (#15420)

Даңктуусуң Сен, о Кудайым! Өзүңдүн жышаандарыңдын Таңы менен жана анык белгилериңдин Жарчысы менен жалынам, кандай күнгө туш болсом да, Өзүңдүн сүйүүгө толгон жетекчилигиңдин учугун бекем кармап, жоомарттыгыңдын этегине жармашканымдан жазбайын. Өзүңө кызмат кылууда бул дүйнөнүн оомал-төкмөлүнө алдырбай, Өзүңө болгон ишениминен баш тартпаган пенделериңден кыла көр, Ысымыңды даңазалоодо, Өзүңө алкоо айтууда адамдардын чабуулуна кулак салбагандардын катарына мени да кош. Сага жакканды жана Сен каалаганды гана жасоого мага Өз кайрымың менен жардам бер. Ысымыңды даңазалай турган, сүйүүңдүн отун алоолонтуп жандыра турган иш жасоого татыктуу кыл. Сен, акыйкатта, Кечиримдүүсүң, Жоомартсың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ (#15421)

Ысымың даңазалана берсин, о Жараткан Кудай! Адамдар арасында Кудай Сөзүнүн асманы кенен жайылган саатта, даанышмандык жарыгынын улуулугун жаркырата чыгарган Өзүңдүн ысымың менен жалынам, асман жышаандарың аркылуу мага көмөк болуп, пенделериңдин арасында Өзүңдүн ысымыңды даңазалоого уруксат эт.
О Теңир! Сенден башканын баарынан баш тартып, Сенин мүмкүн болчу бардык кут-берекеңдин этегине жармашып Өзүңө кайрылып турам. Адамдардын акылын туткундап, алардын жаны менен рухун шаттандырган кабарды жарыялоо үчүн менин оозума сөзүмдү салып бер. Өзүңдүн Ишиңде мени ушунчалык бекемде, пенделериңдин арасындагы зулумдардын үстөмдүгү да, Сенин падышалыгыңды мекендеген ыймансыздардын кысымы да мени токтото албагандай болсун. Мени Өз жерлериңде жаркырап жанган чырак кыл, анын жарыгы аркылуу жүрөгүндө Өзүңдүн билимиңдин жарыгы жанган, сүйүүңө чаңкаган жандарга жол көрсөтүп, багыт берейин.
Акыйкатта, эмнени кааласаң ишке ашыра алган кудуретке ээсиң жана бар жаралыш падышалыгын алаканында кармап турасың. Баарынан Кудуреттүү, баарынан Акылман Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ (#15422)

Ысымың даңазалана берсин, о менин Аллам! Бар болгон үмүтүн артуу менен Өзүңө кайрылган кулуң менмин. Сөзүңдүн мухитин толкутуп, билимиңдин желаргысын желпиткен Өзүңдүн Ысымың менен жалынам, Сенин Ишиңе кызмат кылууга мээрмандыгың менен жардам бер, Өзүңдү эскерип, алкоо айтууга шыктандыр. Жоомарттык асманыңдан мени Өзүңдөн башканын баарынан тосуп турган, Сенин бардык ааламдарыңда мага пайда алып келе турган нерселерди жибер.
Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Кол Жеткиссиң, Бийиксиң, Билүүчүсүң, Акылмансың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ (#15423)

Ал Кудуретүү, Кечиримдүү, Боорукер!
О, Кудай, айланайын Кудайым! Пенделериң адашып жок болуунун туңгуюгуна кептелгенин көрүп турасың - Кудайлык жетекчилигиңдин жарыгы кайда, о, Сен, дүйнөнүн эңсөөсү? Алардын жардамсыздыгы жана алсыздыгы Сага белгилүү - Өзүңдүн кудуретиң кайда, о, Сен, көк менен жердеги күчтөрдүн Ээси?
О, Теңир, айланайын Кудайым! Сенин назик камкордугуңдун шамынын жарыгы менен, Сенин билимиңдин жана акылмандыгыңдын мухитинин толкундары менен жана ээлигиңдеги калктын баарын башкарган Өзүңдүн Сөзүң менен жалынам - Китебиңдеги буйруктарыңды аткаргандардын бири болуума уруксат эт. Сенин береке чөйчөгүңдөн Кудайлык илхамыңдын шарабын татып, Сага жакканды гана жасоого ашыккан, Осуятың менен Керээзиңди аткарууга шашылган ишенимдүү пенделериңе эмне дайындасаң, ошону мага да насип кыла көр. Өзүңдүн эркиң менен каалаганыңды буюра алган бийлигиң бар. Бардыгын Жетектөөчү, бардыгынан Акылман Сенден башка Кудай жок. 
О, Теңир, Өзүңдүн ырайымың менен мага бул дүйнөдө жана акыретте пайда алып келе турган, ар бир адамды Кудайга жакындата турган нерсени мага насип кыл. Жалгыз, Кудуреттүү, Даңктуу, Сенден башка Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ (#15424)

О, менин Теңирим, о, менин Yмүтүм! Сүйүктүүлөрүңө кудуреттүү Осуятыңа бек болууга жардам бер, Сенин ачык-айкын Ишиңе ишенимдүү калууга, Өзүңдүн Улуу Китебиң аркылуу жөнөткөн осуяттарыңды аткарууга көмөктөш, алар Сенин жетекчилигиңдин туусу болуп желбиреп, асман кошуундарынын от-чырагына айлансын, Өзүңдүн чексиз акылмандыгыңдын булактары болсун жана Бейиш асманынан жаркырап тийип, туура жолго багыттаган жылдыздардан кыл.
Сен, акыйкатта, Жеңилбессиң, Кудуреттүүсүң жана бар¬дыгынан Күчтүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ (#15425)

О Боорукер Теңир! Мени уйкудан ойготуп, тунук акыл-эс бергениңе ыраазымын. Көзүмө курчтук бердиң, кулагымды ачып, Өз Падышалыгыңа алып келдиң, Өзүңдүн адал Жолуңа багыттадың. Мага туура жолду көрсөтүп, Куткаруу Кемесине киргиздиң. О Алла! Мага бек болууга жардам бер, тайманбас кыл, тайбас кыл. Каардуу сыноолордон сакта, Өзүңдүн Осуятың менен Мыйзамыңдын кол жеткис бекем чебинде мени корго. Сен Кудуреттүүсүң. Сен Көрөгөчсүң. Сен Угуучусуң. 
О Боорукер Кудай! Сенин сүйүүңдөн айнек сымал жаркыраган жүрөк бер мага, асмандан түшкөн кут-берекенин жардамы менен бул дүйнөнү гүл бакчага айланта ала тургандай ой-санаа бер. 
Сен Боорукерсиң, Кайрымдуусуң. Сен Улуу Изги Теңирсиң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОСУЯТКА БЕК БОЛУУ (#15426)

О, Теңир, кагылайын Кудайым! Ишенимиңе туруктуу калууга, Өзүңдүн жолуң менен басууга жана Сенин Ишиңде тайбас болууга сүйүктүүлөрүңө жардам бер. Өзүңдүн кут-берекеңди төк, алар өзүмчүлдүк менен кумар-каалоолорунун кысымына алдырбай, Кудайлык жетекчилигиңдин нурун ээрчисин. Сен Кубаттуусуң, Ырайымдуусуң, Өзүн Өзү бар Кылуучусуң, Боорукерсиң, бардыгынан Кудуреттүүсүң, бардыгынан Жоомартсың.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

